# 8-берене. Референдумга коюлбоочу маселелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 8-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-8

---

Референдумга төмөнкү маселелер коюлушу мүмкүн эмес:

1) согуш жана тынчтык;

2) Президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу же узартуу;

3) Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо же болбосо мындай шайлоолорду өткөрүү мөөнөттөрүн кийинкиге жылдыруу;

4) салыктарды жана жыйымдарды киргизүү, өзгөртүү жана жокко чыгаруу, ошондой эле аларды төлөөдөн бошотуу;

5) тарифтер жөнүндө;

6) мамлекеттин дин аралашпаган мүнөзүн, Кыргыз Республикасынын унитардыгын жана аймактык бүтүндүгүн өзгөртүү;

7) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жана чек аралары;

8) аскердик же өзгөчө абал киргизүү;

9) республикалык бюджетти кабыл алуу жана өзгөртүү;

10) мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын кызмат адамдарын шайлоо, дайындоо жана бошотуу менен байланышкан;

11) мунапыс жана ырайым кылуу.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-9)
