# 6-берене. Референдумду даярдоодогу жана өткөрүүдөгү айкындуулук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 6-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-6

---

1. Референдумду даярдоо жана өткөрүү ачык жана айкын жүзөгө ашырылат. Мамлекет Кыргыз Республикасынын жарандарына референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби менен мөөнөттөрү жөнүндө, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана референдумдун натыйжалары жөнүндө маалымдоону камсыз кылат.

2. Референдумду даярдоого жана өткөрүүгө, референдумга катышуу укугун камсыз кылууга тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттөрдө расмий жарыяланат.

3. Мамлекет Кыргыз Республикасынын жарандарына, саясий партияларга жана башка коммерциялык эмес уюмдарга, "макул" топторуна жана "каршы" топторуна референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып ушул конституциялык Мыйзамга ылайык референдумдун маселелери боюнча үгүттү эркин жүргүзүүгө кепилдик берет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-7)
