# 48-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кирүүсү жана аны колдонуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 48-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-48

---

1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Референдумдагы добуш берүү күнү Кыргыз Республикасынын көпчүлүк администрациялык-аймактык бирдиктеринде өткөрүлүүчү башка шайлоолордогу добуш берүү күнү менен айкалыштырылган учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү Борбордук шайлоо комиссия тарабынан жарымынан көп эмес кыскартылышы мүмкүн.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участкаларын референдум өткөрүү боюнча участкалар менен айкалыштырууга, жаңы участкаларды түзүүгө жана референдумду (добуш берүүнү) өткөрүү күнүн шайлоо (добуш берүү) өткөрүү күнү менен айкалыштыруудан келип чыккан маселелерди чечүү боюнча башка чараларды көрүүгө укуктуу.

3. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 10, 778-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-47)
