# 46-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктары, референдумдун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу үчүн негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 46-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-46

---

1. Эгерде тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталгандан же референдумдун натыйжалары белгиленгенден кийин, сот референдум маселелери боюнча үгүт жүргүзүү, референдумду каржылоо эрежелери бузулганын, референдумдун катышуучуларынын добуштарын сатып алуу фактылары болгонун жана референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүлөрүнүн натыйжаларын так аныктоого мүмкүндүк бербегенин белгилеген учурда, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, референдумдун натыйжалары жөнүндө комиссиянын чечимин жокко чыгара алат.

2. Сот референдум өткөрүү боюнча участкада, аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, жалпы эле референдумдун натыйжалары тууралуу, ошондой эле референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү эрежелери, шайлоо комиссияларын түзүү тартиби, добуш берүү жана добуштарды эсептөө тартиби (аларды өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдуктарды кошкондо), эгерде бул аракеттер (аракетсиздиктер) референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүлөрүнүн натыйжаларын так аныктоого мүмкүндүк бербесе, добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо бузулган учурда, шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгара алат.

3. Референдумда референдумдун участкаларынын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгынын добуш берүү жыйынтыктары жөнүндө участкалык комиссиялардын чечимдеринин сот тарабынан жокко чыгарылышы референдумдун натыйжаларынын жараксыз деп таанылышына алып келет.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-47)
