# 45-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана референдумдун натыйжаларын аныктоо жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине даттануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 45-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-45

---

1. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана референдумдун натыйжаларын аныктоо жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине арыздар (даттануулар) менен референдумдун катышуучулары, демилгечи топтун, "макул" топтун, "каршы" топтун мүчөлөрү, саясий партиялар жана башка коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү, байкоочулар кайрыла алышат.

2. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдери - аймактык шайлоо комиссиясына; аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери - Борбордук шайлоо комиссиясына; Борбордук комиссиянын чечимдери - биринчи инстанциядагы сотко; биринчи инстанциядагы соттун чечими - Жогорку сотко даттанылат.

3. Арыздар (даттануулар) добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленген же референдумдун натыйжалары аныкталган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.

4. Келип түшкөн арыздар (даттануулар) келип түшкөн учурдан тартып, шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан 3 календардык күндүн ичинде каралууга тийиш. Эгерде арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүлөрдү талап кылган учурларда, алар боюнча чечим 5 календардык күндөн кечиктирилбестен кабыл алынат. Чечимди кабыл алган органдын кызмат адамынын колу коюлган жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн чечим жазуу жүзүндө арыз ээсине токтоосуз тапшырылат.

5. Чечимди кабыл алууга арыздар (даттануулар) чечим чыгарылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.

6. Ушул конституциялык Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, сот Борбордук шайлоо комиссиясынын референдумдун жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө чечимин жокко чыгара алат.

7. Соттун чечими чыгарылган учурдан тартып, ал мыйзамдуу күчүнө кирет жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, кызмат адамдары, шайлоо комиссиялары жана референдумдун башка катышуучулары аны аткарууга милдеттүү.

Сот тарабынан кабыл алынган жүйөлөнгөн чечим арыз ээсине, жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз берилет. Көзөмөлдүк даттанууну ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө берүү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан биринчи инстанциядагы соттун чечиминин аткарылышын токтотот.

8. Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу соттун чечими чыгарылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

9. Биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине даттануу Жогорку сотко келип түшкөн күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде көзөмөлдүк тартипте каралат.

Көзөмөлдүк даттануу Жогорку сотко берилет, ал Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлүн милдеттүү тартипте чакырат. Соттун чечимине көзөмөлдүк даттануу чечимди чыгарган тиешелүү сот аркылуу берилет. Даттанууну түздөн-түз көзөмөлдүк инстанциясына берүү даттанууну кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. Көзөмөлдүк инстанциясындагы соттун токтому чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.

10. Арыздарды (даттанууларды) берүүнүн мөөнөттөрү калыбына келтирүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-46)
