# 42-берене. Референдум өткөрүүнү финансылык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 42-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-42

---

1. Референдумду каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Каржылоонун тартиби Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамдарында белгиленет.

2. Референдум жөнүндө мыйзамдарды, маалыматтык, билим берүү, илимий-изилдөө программаларын, референдумду техникалык жактан даярдоону өркүндөтүү, референдумдун катышуучуларынын укуктук маданиятын жогорулатуу программаларын каржылоону кошпогондо, чет мамлекеттер, чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар, башка чет өлкөлүк юридикалык жактар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, чет өлкөлүк жарандар, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн юридикалык жактар тарабынан референдумду каржылоого тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-43)
