# 41-берене. Референдумдун документтерин сактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 41-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-41

---

1. Участкалык шайлоо комиссияларынын документтери, анын ичинде көктөлгөн, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн колдору коюлган добуш берүү бюллетендеринин айырма бөлүктөрү референдумдун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилет.

2. Референдум өткөрүү боюнча бардык документтер аймактык шайлоо комиссияларында бир жыл сакталат, андан кийин тиешелүү архивдик мекемеге туруктуу сактоого өткөрүлөт.

3. Борбордук шайлоо комиссиясынын документтери, референдумдун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып бир жылдан кийин архив иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга туруктуу сактоого өткөрүлөт.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-42)
