39-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана референдумдун натыйжаларын жарыялоо. Референдумда кабыл алынган чечимдин күчүнө кириши
Күчүн жоготкон · 08.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106.
1. Шайлоо комиссияларынын иши жайылтылган референдумдун ар бир участкасы, аймагы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясынын жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын түздөн-түз протоколдорунда камтылган маалыматтардын көлөмүндөгү референдумдун натыйжалары референдумдун катышуучуларына, "макул" топтун, "каршы" топтун өкүлдөрүнө, байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө алардын талаптары боюнча таанышуу үчүн берилет.
Референдум өткөрүү боюнча ар бир участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөнүнө жараша Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына токтоосуз жайгаштырылат. Автоматтык эсептөөчү урналардан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылган маалыматтар юридикалык мааниге ээ эмес, алдын-ала маалымат болуп саналат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун жыйынтыктары жөнүндө жалпы маалыматтарды, референдумдун жыйынтыктары аныкталгандан кийин, бир сутканын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберет.
3. Референдумдун натыйжаларын, ошондой эле анын негизинде референдумдун натыйжалары аныкталган өзүнөн төмөн турган шайлоо комиссияларынын добуш берүү жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунда камтылган, референдумга коюлган маселеге (маселелерге) "макул", "каршы" берилген референдумдун катышуучуларынын добуштарынын саны жөнүндө маалыматтарды расмий жарыялоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан референдумдун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
4. Эгерде референдумдун маселесинин туюнтмасында башкача каралбаса, референдумда кабыл алынган чечим ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Референдумда кабыл алынган чечим, эгерде чечимдин өзүндө андай чечимди жокко чыгаруунун же өзгөртүүнүн башка тартиби көрсөтүлбөсө, жаңы референдумда чечим кабыл алуу жолу менен жокко чыгарылышы же өзгөртүлүшү мүмкүн.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111452/st-39" title="39-берене - Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>