# 38-берене. Кайра добуш берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 38-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-38

---

1. Референдум өткөрүү боюнча бир же бир нече участкада добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда, ошол участкалардагы тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан кайра добуш берүү дайындалган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө кайра добуш берүү өткөрүлөт.

2. Референдум өткөрүү боюнча бир же бир нече участкаларда кайра добуш берүү бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан жүргүзүлөт.

3. Кайра добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө билдирүү кайра добуш берүүнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-39)
