33-берене. Референдумдун катышуучусунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү тартиби
Күчүн жоготкон · 08.07.2026 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 8 августа 2019 года № 116
1. Референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн участкага келе албаган референдумдун катышуучулары; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды камакка алуучу жерлерде болгон референдумдун катышуучулары; алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан алыскы малчылык участоктордо убактылуу жашаган референдумдун катышуучулары; ошондой эле өзгөчө учурларда, эгерде алардын убактылуу болуусунун жайгашкан жери боюнча референдум өткөрүү боюнча участканын аймагында туруктуу жашаса, тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча добуш берүү күнү калктуу конуштардан обочолонгон, алыскы жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген референдумдун катышуучулары, вахта методу менен иштеген референдумдун катышуучулары, үй камагындагы референдумдун катышуучулары өздөрү турган жерде добуш берет. Участкалык шайлоо комиссиялары референдумдун мындай катышуучуларына добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда, добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
2. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнүн тартиби жана шарттары Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.
Эгерде референдумдун катышуучусу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендигине байланыштуу же ден соолугунун абалы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин алгандыгына өз алдынча кол кое албаган же добуш берүү үчүн бюллетенди толтура албаган учурда, ал ушул конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 10-бөлүгүндө каралган тартипте, референдумдун башка катышуучусунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. (КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Конституционный Закон КР от 8 августа 2019 года № 116 "О внесении изменений в конституционные законы Кыргызской Республики "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О референдуме Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
08.08.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алыскы жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн аскер алынып салынды: кызматчылары кошулду: кызматчылары, добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген референдумдун катышуучулары, вахта методу менен иштеген референдумдун катышуучулары, үй камагындагы референдумдун катышуучулары өздөрү турган жерде добуш берет. Участкалык шайлоо комиссиялары … Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.
кошулду: Эгерде референдумдун катышуучусу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендигине байланыштуу же ден соолугунун абалы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин алгандыгына өз алдынча кол кое албаган же добуш берүү үчүн бюллетенди толтура албаган учурда, ал ушул конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 10-бөлүгүндө каралган тартипте, референдумдун башка катышуучусунун жардамынан пайдаланууга укуктуу.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-ноябрындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын добуш…Постановление · 13.11.2016 · № 203
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-ноябрындагы № 204 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 13.11.2016 · № 204 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111452/st-33" title="33-берене - Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>