# 32-берене. Референдумда добуш берүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 8 августа 2019 года № 116 "О внесении изменений в конституционные законы Кыргызской Республики "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111961)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452#diff=1255328..1255329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 32-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-32

---

1. Референдум өткөрүү боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы жерлердеги бардык участкаларда добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 8-00дөн саат 20-00гө чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясы жарандарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башка ыкма менен добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен, ал эми кайра добуш берүүдө добуш берүү күнүнө 7 календардык күн калгандан кечиктирбестен кабардар кылат.

2. Эгерде тизмеге киргизилген, референдумга катышууга укугу бар бардык жарандар добуш берсе, аскер бөлүктөрүндө, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон райондордо, жарандар убактылуу жүргөн жерлерде түзүлгөн участкаларда, участкалык шайлоо комиссиясы жергиликтүү убакыт боюнча 20-00 сааттан мурда добуш берүү аяктады деп жарыялай алат.

3. Референдум өткөрүү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 7-00дө участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн жайдагы өз жыйналышында чүчү кулак аркылуу төмөнкүлөрдү аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт:

референдумга катышуучулардын электрондук тизмесинде жарандардын идентификациясын оператор менен биргелешип жүргүзөт;

- жарандарды референдумга катышуучулардын кагаздагы тизмесине каттоону жүзөгө ашырат;

- добуш берүү үчүн бюллетендерди берет;

- референдумдун катышуучуларынын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, добуш берүү үчүн бюллетендерин добуш берүү үкөктөрүнө салышын контролдоону жүзөгө ашырат.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы, ошондой эле участкалык комиссиянын автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды тейлөөчү мүчөсү чүчү кулакка катышпайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын жана башка референдумдун катышуучуларынын катышуусунда, ушул участкадагы референдумга катышуучулардын тизмеси, добуш берүү үчүн бюллетендер жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле орун жайдан тышкары добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер турган, мөөрлөнүп бекитилген сейфти (шкафты) ачат; сейфтен (шкафтан) референдумга катышуучулардын кагаздагы тизмесин, референдумдун катышуучуларынын электрондук тизмеси бар башка керектүү жабдууну алып чыгат, тизмеге киргизилген референдумга катышуучулардын санын жарыялайт, визуалдуу түрдө катышуучуларга референдумга катышуучулардын кагаздагы жана электрондук тизмелерин салыштырууга мүмкүндүк берет, андан кийин аны добуш берүү күнү референдумдун катышуучуларын каттоого жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесин толтурууга жооптуу болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, референдумдун башка катышуучуларына участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилүүчү (пломбалануучу) ичи бош добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, референдум өткөрүү боюнча участканын номуру, контролдук барактардын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиянын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн контролдук барактарды салат. Контролдук барактарга ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган жана орун жайдан тышкары добуш берүү үчүн берилген добуш берүү үчүн бюллетендеринин саны жөнүндө жарыялайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү байкоочулардын, референдумдун башка катышуучуларынын катышуусунда добуш берүү үчүн бюллетендерин кайра санап чыгат жана санын жарыялайт, андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отурган адамдарга аларды көрүп таанышуу үчүн берет жана участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган добуш берүү үчүн бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган формасына жазат. Добуш берүү үчүн бюллетендерди кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө 100дөн добуш берүү үчүн бюллетендерди берет, алар алганы үчүн кол коюшат жана берилишине жооп беришет. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бардык учурларда "макул" топтун, "каршы" топтун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, саясий партиялардын жана башка коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышууга укуктуу.

4. Добуш берүү үчүн жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү операторлор менен биргелешип референдумдун катышуучусунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоону жүргүзөт.

Референдумдун катышуучусунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоо үчүн референдумдун катышуучусунун макулдугу талап кылынбайт. Мында байкоочулар жана референдумдун башка катышуучулары үчүн көрүнүктүү жерге илинген монитордо төмөнкү маалыматтар чагылдырылат:

- референдумду өткөрүү боюнча участкада референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;

- референдумду өткөрүү боюнча участкада учурда добуш берген референдумдун катышуучуларынын саны;

- жабдуулардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргелешип Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган башка маалыматтар.

Референдумдун катышуучусун идентификациялагандан кийин чек чыгарылат. Чек референдумдун катышуучусу тарабынан чекке добуш берүү бюллетенин алмаштырып берүүчү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берилет.

5. Добуш берүү үчүн бюллетендерди алууда референдумга катышуучулардын кагаздагы тизмесине референдумдун катышуучусунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номери жазылып коюлат. Референдумдун катышуучусу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана бюллетенди алгандыгы тууралуу референдумга катышуучулардын кагаздагы тизмесине кол коет.

6. Ар бир референдумдун катышуучусу өзү үчүн добуш берет, референдумдун башка катышуучулары үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.

7. Добуш берүү үчүн бюллетень референдумдун катышуучусу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жерде толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган жер добуш берүү үчүн бюллетенди толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулушу же даярдалышы керек.

8. Эгерде референдумдун катышуучусу добуш берүү үчүн бюллетенди толтурууда ката кетирип алдым деп эсептеген учурда, ал бузулган добуш берүү бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн бюллетенин берген мүчөсүнө кайрылууга укуктуу. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү референдумга катышуучулардын тизмесиндеги ушул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюу менен, ага жаңы добуш берүү үчүн бюллетенди берет. Бузулган добуш берүү үчүн бюллетень керектен чыгарылат, бул жөнүндө акт түзүлөт.

9. Эгерде референдумдун катышуучусу референдумга коюлган маселени кабыл алуу үчүн добуш берсе, "Макул" деген сөздүн астындагы квадратка "V" белгисин же кандай гана болбосун башка белги коёт. Эгерде референдумдун катышуучусу референдумга коюлган маселеге каршы добуш берсе, "Жок" деген сөздүн астындагы квадратка "V" белгисин же кандай болбосун башка белги коёт.

Референдумга маселелердин альтернативдүү варианттары коюлган учурда, референдумдун катышуучусу бир гана вариантты тандап алууга укуктуу. Референдумга бир нече маселелер коюлган учурда, референдумдун катышуучусу ушул бюллетендин башка суроолоруна жоопторуна карабастан, ар бир суроого жооп берүүгө тийиш. Референдумдун катышуучусу толтурулган добуш берүү үчүн бюллетенди участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көз алдында турууга тийиш болгон добуш берүү үчүн үкөккө салат.

10. Эгерде референдумдун катышуучусу добуш берүү үчүн бюллетенин алганына өз алдынча кол коюуга жана добуш берүү үчүн бюллетенди толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана байкоочуларды кошпогондо, ал башка адамдын жардамынан пайдаланууга укуктуу. Референдумдун катышуучусуна жардам берген адам референдумга катышуучулардын тизмесиндеги "Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетенин алгандыгы тууралуу жарандын колу" деген графада өзүнүн фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтөт жана кол коет.

Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол коюуга, шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү жок референдумдун катышуучусунун өтүнүчү боюнча дайындалган адам ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн иш-аракеттерди шайлоочунун эркине толук ылайыктуу жасоого милдеттүү.

11. Толтурулган добуш берүү үчүн бюллетендерин референдумдун катышуучулары добуш берүүчү мөөр басылып бекитилген (пломбаланган) үкөктөргө салат. Добуш берүү үчүн бюллетенди добуш берүү үчүн жайдан алып чыгууга тыюу салынат.

Добуш бергендердин саны жөнүндө маалыматтар ар бир 2 саат сайын референдумду өткөрүү боюнча аймактык комиссияга берилет, референдумду өткөрүү боюнча аймактык комиссиянын системалык администратору алынган маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына киргизет жана автоматтык түрдө жарыялап турат. Берилген чектердин санына негизденген, добуш берген референдумдун катышуучуларынын саны жөнүндө биротоло маалыматтар референдум участоктору жабылгандан кийин, бирок бюллетендер салынган урналар ачылганга чейин дароо Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.

12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайдагы тартипке көз салат. Добуш берүү үчүн жайда коомдук тартип бузулган учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, алар тартип орнотулгандан кийин добуш берүү үчүн жайдан чыгып кетүүлөрү керек. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо жүрүмүнүн катышуучуларынын укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү үчүн жайда тургандардын баары үчүн милдеттүү. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо, анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же ал тарабынан ыйгарым укук берилген ушул комиссиянын башка мүчөсү аткарат.

13. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же болбосо Кыргыз Республикасынын жаранынын өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү токтоосуз анын жумушуна катышуудан четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүү үчүн жайдан сыртка чыгарылат. Бул тууралуу чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алынат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.

14. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүү үчүн жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү.

15. Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.

Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган үкөктү пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат. Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулгандыгынын натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда, аларды добуш берүү күнүнүн ичинде добуш берүү үчүн пайдаланууну улантууга жол берилбейт. (КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-33)
