# 3-берене. Референдумду өткөрүү принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 8 августа 2019 года № 116 "О внесении изменений в конституционные законы Кыргызской Республики "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111961)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452#diff=1255328..1255329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 3-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-3

---

1. Референдум төмөнкү принциптердин негизинде өткөрүлөт:

1) референдумга катышуу эркин болуп саналат;

2) добуш берүү ыктыярдуу жана жашыруун болуп саналат жана жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жүзөгө ашырылат;

3) референдумдун ар бир катышуучусу бирден добушка ээ.

2. Референдум өткөрүүдө, анын ичинде добуштарды эсептөөдө айкындуулук жана коомчулуктун катышуусу камсыз кылынат.

3. Референдумга 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары катышууга укуктуу.

4. Жаранды референдумга катыштырууга же катыштырбоого мажбурлоо максатында эч кимдин таасир тийгизүүгө укугу жок. Жарандын өз эркин билдирүүсүн контролдоого таптакыр тыюу салынат. Референдумдун жүрүшүндө эч ким өз пикирлерин жана ынанымдарын билдиришине же андан баш тартышына мажбурланышы мүмкүн эмес.

5. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык референдумга катышуу укугуна ээ.

Референдум өткөрүү мезгилинде анын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укугу тышкы иштер маселелерин алып барган мамлекеттик орган тарабынан өзүнүн дипломаттык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу камсыз кылынат. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары тышкы иштер маселелерин тескеген органдын сунушу боюнча, турган өлкөнүн тийиштүү органдары менен макулдашуу аркылуу түзүлүүчү референдум участокторунда, эреже катары, Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн аймагында добуш беришет.

6. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга катышууга укуксуз.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-4)
