3-берене. Референдумду өткөрүү принциптери
Күчүн жоготкон · 08.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 8 августа 2019 года № 116
1. Референдум төмөнкү принциптердин негизинде өткөрүлөт:
1) референдумга катышуу эркин болуп саналат;
2) добуш берүү ыктыярдуу жана жашыруун болуп саналат жана жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жүзөгө ашырылат;
3) референдумдун ар бир катышуучусу бирден добушка ээ.
2. Референдум өткөрүүдө, анын ичинде добуштарды эсептөөдө айкындуулук жана коомчулуктун катышуусу камсыз кылынат.
3. Референдумга 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары катышууга укуктуу.
4. Жаранды референдумга катыштырууга же катыштырбоого мажбурлоо максатында эч кимдин таасир тийгизүүгө укугу жок. Жарандын өз эркин билдирүүсүн контролдоого таптакыр тыюу салынат. Референдумдун жүрүшүндө эч ким өз пикирлерин жана ынанымдарын билдиришине же андан баш тартышына мажбурланышы мүмкүн эмес.
5. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык референдумга катышуу укугуна ээ.
Референдум өткөрүү мезгилинде анын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укугу тышкы иштер маселелерин алып барган мамлекеттик орган тарабынан өзүнүн дипломаттык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу камсыз кылынат. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары тышкы иштер маселелерин тескеген органдын сунушу боюнча, турган өлкөнүн тийиштүү органдары менен макулдашуу аркылуу түзүлүүчү референдум участокторунда, эреже катары, Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн аймагында добуш беришет.
6. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга катышууга укуксуз.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Конституционный Закон КР от 8 августа 2019 года № 116 "О внесении изменений в конституционные законы Кыргызской Республики "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О референдуме Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
08.08.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же алынып салынды: жүргөн, консулдук эсепте турган кошулду: жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары кошулду: тышкы иштер маселелерин тескеген органдын сунушу боюнча, турган өлкөнүн тийиштүү органдары менен макулдашуу аркылуу түзүлүүчү референдум участокторунда, эреже катары, Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук алынып салынды: мекемелеринин кошулду: мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн аймагында алынып салынды: гана добуш алынып салынды: берет.
кошулду: беришет.
6. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун өкүмү … Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга катышууга укуксуз.
кошулду: (КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү Боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-ноябрындагы № 201 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 13.11.2016 · № 201
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 55-б ( Адам укуктары боюнча 2019-2021-жылдарга иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 15.03.2019 · № 55-р · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111452/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>