# 27-берене. Массалык иш-чаралар аркылуу референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүүнүн шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 27-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-27

---

1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары "макул" топторго, "каршы" топторго жарандар менен чогулуштарды жана жолугушууларды, көпчүлүк алдында кайым айтышууларды жана талкууларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууда жана өткөрүүдө көмөк көрсөтүүгө, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.

2. Шайлоо комиссиясынын табыштамасы боюнча мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган, массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн жарактуу жайлар шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген убакытка "макул" топтун жана "каршы" топтун жарандар менен жолугушуусу үчүн менчик ээси, ээлик кылуучу тарабынан акысыз берилет.

3. "Макул" топ, "каршы" топ референдумдун катышуучулары менен жолугушууларды өткөрүү үчүн менчигинин түрүнө карабастан, жарандарга жана уюмдарга таандык болгон имараттарды жана жайларды келишимдик негизде ижарага алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-28)
