# 26-берене. Мезгилдүү басма сөз басылмаларында референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүүнүн шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 26-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-26

---

1. Мамлекеттик басма сөз басылмаларынын редакциялары референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн "макул" топту, "каршы" топту А4 форматынын бир бетинен кем эмес өлчөмүндө акысыз басма сөз аянты менен тең шарттарда камсыз кылууга милдеттүү.

2. Мамлекеттик эмес мезгилдүү басма сөз басылмалары "макул" топко, "каршы" топко басма сөз аянтын акы төлөө менен тең негиздерде берүүгө милдеттүү. Мында басма сөз аянтынын наркы референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенге чейин 6 айдан мурда алынып келген нарктан ашуусу мүмкүн эмес.

3. Басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн басма сөз аянтын берүүгө даяр экендиги жөнүндө кабарлоо менен, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, мезгилдүү басма сөздүн тиешелүү редакциясы тарабынан жарыяланууга тийиш.

4. Мезгилдүү басма сөз басылмаларында референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөө менен басма сөз аянтын берүү мезгилдүү басма сөз басылмасы менен "макул" топтун, "каршы" топтун өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.

5. Адистештирилген мезгилдүү басма сөз басылмаларынын (балдар, техникалык, илимий жана башка) редакциялары алар референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүткө толук катышпаган шартта "макул" топко, "каршы" топко үгүт жүргүзүү үчүн басма сөз аянтын берүүдөн баш тартууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-27)
