# 25-берене. Референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча телекөрсөтүүдө жана радиоуктурууда үгүт жүргүзүүнүн шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 8 августа 2019 года № 116 "О внесении изменений в конституционные законы Кыргызской Республики "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111961)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452#diff=1255328..1255329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 25-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-25

---

1. Мамлекеттик телерадио уюмдары референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн "макул" топко, "каршы" топко бирдей шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.

Телерадио уюмдарынын каналдарында обо убактысы "макул" топко, "каршы" топко бирдей негиздерде фонддун өз фондунан акы төлөө менен, ал эми ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда акысыз берилет.

2. "Макул" топ, "каршы" топ мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында өздөрүнө обо убактысын акысыз алууга укуктуу. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалар эң көп аудитория чогулуучу - саат 20-00дөн 24-00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.

3. Мамлекеттик телерадио уюм "макул" топко, "каршы" топко берүүгө милдеттүү болгон акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумушчу күндөрү бир сааттан кем эмести түзүүгө тийиш. Мында акы төлөнүүчү обо убактысынын жалпы көлөмүнүн жарымынан кем эмеси "макул" топко, "каршы" топко референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча биргелешкен ачык кайым айтышууларды, башка ушундай үгүт иш-чараларын жүргүзүү үчүн гана берилүүгө тийиш. Акы төлөнүүчү обо убактысынын бул үлүшүн пайдаланууга карата "макул" топ, "каршы" топ бирдей негиздерде жетүүгө тийиш. Биргелешкен үгүттүк иш-чараларына катышуудан баш тартуу ушул бөлүккө ылайык берилүүчү акы төлөнүүчү обо убактысынын көлөмүнүн көбөйүшүнө алып келбейт.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келбеген телерадио уюмдар референдумдун маселелери боюнча үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысын резервде кармоого милдеттүү. Акы төлөөнүн өлчөмдөрү жана шарттары "макул" топ, "каршы" топ үчүн бирдей болууга тийиш.

5. Обо убактысына акы төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн обо убактысын берүүгө даяр экендиги жөнүндө кабарлоо менен, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү телерадио уюмдары тарабынан жарыяланууга тийиш.

6. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келбеген телерадио уюмдар "макул" топко, "каршы" топко обо убактысын келишимдик негизде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген нускамага ылайык берүүгө укуктуу.

Обо убактысын берүү үчүн акынын өлчөмү "макул" топ жана "каршы" топ үчүн бирдей болууга тийиш. "Макул" топко, "каршы" топко берилүүчү акы төлөнүүчү обо убактысынын наркы референдум дайындалган күнгө чейин 6 ай мурда алынып келген нарктан ашык болуусу мүмкүн эмес.

7. "Макул" топтун жана "каршы" топтун сүйлөп жаткан сөздөрүн бөлүүгө, ошондой эле аларды кандайдыр бир чечмелөөлөр менен коштоого тыюу салынат.

8. Адистештирилген телерадио уюмдары (балдар, техникалык, илимий жана башка) алар референдум маселелери боюнча үгүткө толук катышпаган шартта "макул" топко, "каршы" топко үгүт жүргүзүү үчүн обо убактысын берүүдөн баш тартууга укуктуу.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-26)
