# 23-берене. Референдумга коюлган маселелер боюнча референдумду дайындоого макул же каршы үгүттөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 8 августа 2019 года № 116 "О внесении изменений в конституционные законы Кыргызской Республики "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111961)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452#diff=1255328..1255329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 23-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-23

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар жана башка коммерциялык эмес уюмдар мыйзамда жол берилген формаларда жана мыйзамдуу усулдар менен референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн макул же каршы тоскоолдуксуз үгүт жүргүзүүгө укуктуу.

Шайлоо комиссиялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү референдумдун катышуучуларына маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрөт. Маалыматтык материалдар сурдокотормону же субтитрлөөнү колдонуу менен укма-көрмө форматта (санариптик алып жүрүүчүдө) даярдалып, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ошондой эле Брайль арибин жана (же) тексттик файлдарды үн же тактилдик сигналдарга кайра өзгөртүүчү экранда жеткиликтүүлүктү камсыздоочу компьютердик программалар, ошондой эле башка атайын каражаттар орнотулган атайын жабдууну (тифлокаражаттарды) пайдалануу менен даярдалышы керек. Демилгечи топ референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенге чейин мыйзамда жол берилген формаларда жана мыйзамдуу усулдар менен демилгечи топ тарабынан демилгеленген референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн үгүт жүргүзүүгө укуктуу. Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин демилгечи топ өз ишин токтотот, бирок референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча "макул" топко же "каршы" топко кайра түзүлүүгө укуктуу.

2. Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча "макул" же "каршы" үгүт жүргүзүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандары референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча "макул" топту же "каршы" топту түзүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн топтор Борбордук шайлоо комиссиясына каттоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылышат, анда топтун мүчөлөрүнүн, ошондой эле топтун атынан аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын фамилиясы, аты жана атасынын аты, туулган датасы, жашаган жеринин дареги, паспортунун же аны алмаштыруучу документтин сериясы жана номери көрсөтүлүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен үгүт боюнча топту каттайт.

3. Үгүт чогулуштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Үгүт жүргүзүүнүн формалары жана усулдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.

4. Үгүт жүргүзүүгө, кандай гана болбосун үгүт материалдарын таркатууга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) өз кызмат ордунун же кызматтык милдеттерин аткарып жатышканда мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларга, аскер кызматчыларына;

2) кайрымдуулук уюмдарына жана диний бирикмелерге;

3) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө;

4) чет өлкөлүк мамлекеттердин жарандарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана уюмдарына;

5) жарандыгы жок адамдарга;

6) эл аралык уюмдарга жана эл аралык коомдук кыймылдарга.

5. Референдумдун маселелери боюнча үгүт төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн:

1) телерадио берүү уюмдарынын каналдарында жана мезгилдүү басылмалардын беттеринде;

2) массалык иш-чараларды өткөрүү аркылуу (колдонуудагы мыйзамга ылайык чогулуштарда, жолугушууларда, көпчүлүк алдындагы кайым айтышууларда жана талкууларда, митингдерде, демонстрацияларда, көчө жүрүштөрүндө);

3) басма сөз, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу аркылуу;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка формаларда.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-24)
