# 21-берене. Референдумдун участкаларын түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 8 августа 2019 года № 116 "О внесении изменений в конституционные законы Кыргызской Республики "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111961)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452#diff=1255328..1255329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 21-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-21

---

1. Референдумдун участкалары, алардын схемалары жана чек аралары аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо жана шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

2. Референдумдун участкалары референдумга катышууга укугу бар жарандар убактылуу келген жерлерде, тергөө изоляторлорунда, убактылуу камоо изоляторлорунда түзүлүшү мүмкүн.

3. Аскер кызматчылары - Кыргыз Республикасынын жарандары референдумдун жалпы участкаларында добуш беришет. Адаттан тышкары райондук калктуу пункттардан обочолонгон, алыс жайгашкан аскер бөлүктөрүндө референдум участкаларын түзүүгө өзүнчө тартипте жол берилет.

4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары референдум участоктору тышкы иштер маселелерин тескеген органдын сунушу боюнча, турган өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу аркылуу, эреже катары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн аймагында түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары участкалык шайлоо комиссиялары турган өлкөнүн аймагында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн же консулдук мекемелеринин жетекчилери тарабынан түзүлөт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн референдум участоктору жөнүндө маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн сайттарында алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат. (КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-22)
