# 20-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 20-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-20

---

1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жазуу жүзүндө табыштама келип түшкөндөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат.

2. Референдумду даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;

2) шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;

3) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

4) референдумду даярдоо мезгилинде, ал эми добуш берүү күнү референдумдун катышуучуларынын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталган жерден фото-, көрмө тартууну жүзөгө ашырууга;

5) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты жана атасынын аты, өздөрү өкүл болгон уюмдардын аталышы белгиленген, референдум маселелери боюнча үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлүнүн талабы боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу же референдумдун натыйжалары жөнүндө протоколдун көчүрмөсүн күбөлөндүрүп берүүгө милдеттүү.

4. Жалпыга маалымдоо каражаттары ушул конституциялык Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы алардын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу.

5. Жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлүнүн референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [19-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-19-1)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-21)
