# 2-берене. Ушул конституциялык Мыйзамда пайдаланылуучу негизги терминдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 8 августа 2019 года № 116 "О внесении изменений в конституционные законы Кыргызской Республики "О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111961)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452#diff=1255328..1255329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 2-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-2

---

1. Ушул конституциялык Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

1) үгүт материалдары - референдумдун маселелери боюнча үгүт белгилерин камтыган (референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча макул же каршы) жана референдум өнөктүгү мезгилинде массалык таратуу, жарыялоо же башка массалык пайдалануу үчүн арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;

2) референдумдун маселелери боюнча үгүт - референдум өнөктүгү мезгилинде жүзөгө ашырылуучу жана референдумдун катышуучуларын референдум өткөрүүгө же аны өткөрүүдөн баш тартууга, референдумда добуш берүүгө же добуш берүүдөн баш тартууга, референдумга коюлган маселени колдоого же четке кагууга түрткү берүү максатындагы иш;

3) референдумга коюлуучу маселе (маселелер) - конституциялык мыйзамдардын, мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле мамлекеттик маанидеги башка маанилүү маселелер;

4) референдумга катышууга болгон укук кепилдиктери - Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышууга болгон укугун камсыз кылуунун уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык жана башка каражаттары;

5) "макул" топ - референдумга коюлган маселени (маселелерди) жактаган үгүт үчүн жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте катталган референдумдун катышуучуларынын тобу;

6) "каршы" топ - референдумга коюлган маселеге (маселелерге) каршы үгүт үчүн жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте катталган референдумдун катышуучуларынын тобу;

7) референдумдун катышуучусунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же жарандын жалпы жарандык паспорту;

8) мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы - бийликтин өкүлүнүн милдетин туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча жүзөгө ашыруучу же болбосо мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында уюштуруучулук-тескөөчүлүк, администрациялык-чарбалык, контролдоочулук-көзөмөлдөөчүлүк иш-милдеттерди аткаруучу адам;

9) референдумдун документтери - референдумга катышуучулардын тизмелери, жарактуу, жараксыз, пайдаланылбаган (керектен чыгарылган), бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле референдум өткөрүү боюнча шайлоо участогунун жайынан тышкары добуш берүү үчүн референдумдун катышуучуларына берилген бюллетендер, шайлоо комиссияларынын протоколдору, референдумдун маселелери боюнча алардын чечимдери, добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар, ошондой эле идентификациядан өткөндүгү жөнүндө чектер, идентификация боюнча алгачкы жана жыйынтык отчеттор;

10) демилгечи топ - элдик мыйзам чыгаруу демилгесин ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу мыйзамга ылайык референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелөө үчүн кол чогултууну жана ал юридикалык күчкө киргенге чейин коштоп жүрүүнү жүзөгө ашыруучу жарандардын тобу;

11) референдумду маалыматтык камсыз кылуу - референдумдун маселелери боюнча референдумдун катышуучуларын маалымдоо жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, референдумдун айкындуулугуна көмөктөшүүчү үгүт;

референдумдун катышуучуларына маалымдоо - референдум өнөктүгү мезгилинде референдумдун катышуучуларына референдумга катышууга түрткү берүүгө көмөктөшүүгө, жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө жана референдумдун айкындыгына көмөктөшүүчү маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча иш. Референдумдун катышуучуларына маалымдоо үгүттүн элементтерин же белгилерин камтууга тийиш эмес; маалыматтык материал - референдум өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши, референдум участоктору, референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, добуш берүүгө катышуу тартиби, добуш берүү тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана референдумдун натыйжаларын аныктоо жөнүндө маалыматты камтыган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;

12) референдум өткөрүү боюнча комиссиялар (мындан ары - шайлоо комиссиялары) - референдумду даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу жана камсыз кылуучу коллегиялык органдар;

13) эл аралык байкоочу - чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан чыгуучу, мыйзамда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон адам;

14) байкоочу - "макул" топ, "каршы" топ, саясий партия, коммерциялык эмес уюм тарабынан мыйзамда каралган тартипте референдумду даярдоого, добуш берүүгө, добуштарды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана референдумдун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн дайындалган адам;

15) референдумга катышуу укугу - добуш берүү күнү 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышууга, анын ичинде референдумга коюлган маселелер боюнча добуш берүүгө конституциялык укугу;

16) туруктуу жашаган жер - тиешелүү документте каттоону эсепке алуу органдарынын каттоо белгиси менен тастыкталган, жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери;

17) референдумдун катышуучуларынын тизмеси - добуш берүү күнү референдумга катышуу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук жана кагаз түрүндөгү тизмеси;

18) референдумдун катышуучусу - добуш берүү күнү 18 жашка толгон, референдумга катышуу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны;

18-1) референдумдун ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү катышуучусу - шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген оорулар, жаракаттын кесепеттери же организмдин функцияларынын туруктуу бузулуусу же угуусунун, көрүүсүнүн, таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуусу аркылуу билинген дефекттер менен шартталган, активдүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жараны;

19) оператор - добуш берүү күнүндө референдум өткөрүү боюнча участокто техникалык кызматтарды көрсөтүүчү, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адиси;

20) термопринтер - басылма формасын түзбөстөн, текстти же графиканы электрондук түрдөн аз нуска менен физикалык алып жүрүүчүлөргө которуп алуу үчүн арналган компьютердин перифериялык түзүлүш;

21) добуш берүү үчүн үкөктөр - автоматтык түрдө эсептөөчү урналар же туруктуу үкөктөр, ошондой эле добуш берүү үчүн көчмө үкөктөр;

22) автоматтык эсептөөчү урна - референдумдун катышуучуларынын добуштарын автоматтык саноо үчүн арналган түзүлүш;

23) туруктуу орнотулган үкөк - добуш берүү үчүн тунук урна;

24) добуш берүү үчүн көчмө үкөк - референдумдун катышуучусунун добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүсү үчүн арналган үкөк;

25) бузулуу - автоматтык эсептөөчү урнанын, шайлоочуларды идентификациялоо жабдууларынын убактылуу иштөө жөндөмдүүлүгүн жоготушу;

26) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;

27) чек - электрондук түрдөн кайра түзүлгөн физикалык алып жүрүүчү, анда басылма формасын түзбөстөн, референдумдун катышуучусунун идентификациялык маалыматтары жөнүндө аз нуска менен маалыматтар чагылдырылат.

2. Ушул конституциялык Мыйзамда пайдаланылган терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Президентин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын (мындан ары - Жогорку Кеңештин депутаты) шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү тутумун белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы маанисинде колдонулат.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-3)
