19-берене. Эл аралык байкоочулар
Күчүн жоготкон · 08.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106.
1. Эл аралык байкоочулар Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жиберилген чакыруу болгондо, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат. Чакырууларды жиберүү жөнүндө сунуштар шайлоо мыйзамдары жана референдум маселелери боюнча, ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында адистешкен эл аралык жана улуттук коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилиши мүмкүн.
2. Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттелген күндөн тартып башталат жана референдумдун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.
3. Эл аралык байкоочулар кандай гана болбосун референдумдун участкаларында ары-бери эркин жүрүүгө жана шайлоо комиссияларынын жыйналыштарында катышууга укуктуу.
4. Эл аралык байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) референдумду даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин көпчүлүк алдында баяндоого;
2) басма сөз конференцияларын өткөрүүгө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылууга;
3) референдумдун катышуучуларынын добуш берүүсүнүн жашырындуулугун бузбастан, фото-, көрмө тартууну, укма жазууну жүзөгө ашырууга;
4) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты жана атасынын аты, өзү өкүл болгон уюмдун аталышы белгиленген, референдумдун маселелери боюнча үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө;
5) кандай гана деңгээлде болбосун шайлоо комиссиясынын курамдарын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
6) референдумга катышуучулардын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
7) референдумдун катышуучуларын эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
8) референдумдун маалыматтык камсыз кылынышына байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга.
5. Эл аралык байкоочулар өз статусун референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укуксуз.
6. Эл аралык байкоочу ушул конституциялык Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы анын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу.
7. Эл аралык байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Берененин тексти 08.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 26-марты № 92 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.03.2021 · № 92
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 99 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 01.04.2021 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 4-январындагы № 5 "2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.01.2021 · № 5
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 23-майындагы № 52 "Эл аралык байкоочунун ырастамасы жөнүндө" токтомуПостановление · 23.05.2023 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-январындагы № 14 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 06.01.2021 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 7-январындагы № 17 "2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.01.2021 · № 17
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111452/st-19" title="19-берене - Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>