# 12-берене. Референдумду дайындоонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 12-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-12

---

1. Референдум Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам формасында дайындалат.

2. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган мыйзам долбоорун кошпогондо, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50 добушунан кем эмеси менен кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке мыйзам долбоору келип түшкөн күндөн тартып бир айдан эрте эмес жана 3 айдан кеч эмес мөөнөттө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4. Референдум дайындоо жөнүндө мыйзамда референдум өткөрүүнүн датасы жана референдумга коюу үчүн сунушталуучу маселенин (маселелердин) туюнтмасы аныкталат, мында референдум өткөрүүнүн датасы референдум дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 4 айдан кечиктирилбестен, кайсы болбосун дем алыш күнгө дайындалышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-13)
