# 11-берене. Референдумду дайындоо жөнүндө жарандардын демилгеси

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 11-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-11

---

1. Референдумга катышууга укуктуу Кыргыз Республикасынын ар бир жараны же жарандарынын тобу ушул конституциялык Мыйзамда аныкталган маселе (маселелер) боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү тууралуу кол чогултуу үчүн саны 10 адамдан кем эмес демилгечи топ түзүшү мүмкүн.

2. Мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу боюнча жарандардын демилгечи тобун түзүү, демилгечи топту жана референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун каттоо, колдорду чогултуу тартиби, кол коюу барагынын формасы, ошондой эле референдумга мыйзам долбоорун киргизүү демилгесин колдогон кол коюу барактарын текшерүү тартиби "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-12)
