# 10-берене. Референдум өткөрүү демилгеси

- Документ: [Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111452)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Конституциялык мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 173
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 8 июля 2026 года № 106 "О референдуме Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048316)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2270/edition/1255328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111452/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө, 10-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-10

---

1. Референдумду дайындоо жөнүндө маселе Жогорку Кеңеш тарабынан төмөнкүлөрдүн демилгеси боюнча каралышы мүмкүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин же болбосо 300 миңден кем эмес шайлоочунун;

2) 10 миң шайлоочунун (элдик демилге);

3) ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн маселеден тышкары, бардык маселелер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт).

2. Референдумду дайындоонун жана анын натыйжаларын расмий жарыялоонун ортосундагы мезгилде ушул берененин 1-бөлүгүндө айтылган субъекттер жаңы референдум өткөрүү жөнүндө демилге менен чыга албайт.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111452/st-11)
