# 1-берене

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111450)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 171
- Кабыл алынган күнү: 24.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111450/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2268/edition/746255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111450/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (24.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111450/st-1

---

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Визанын бирдиктүү мамлекеттик стандарты, формасы, сүрөттөлүшү болот. Бирдиктүү мамлекеттик стандарт, анын формасы жана сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";

2) 5-статьяда:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасында миграция, калкты каттоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ички иштер органдары жана улуттук коопсуздук органдары тышкы миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп саналат.";

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасында бирдиктүү визалык саясатты камсыз кылуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.";

3) 6-статьяда:

а) 1-бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;

б) 2-бөлүктө:

биринчи сүйлөмдөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашылгандан кийин" деген сөздөр алып салынсын; үчүнчү сүйлөм алып салынсын;

в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте келген жери боюнча беш жумушчу күндүн ичинде катталууга милдеттүү.";

г) 9-бөлүк "визанын" деген сөздөн кийин ", каттоонун" деген сөз менен толукталсын;

4) 8-статьяда:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды тышкы саясатты ишке ашыруу, калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда келген жери боюнча каттоодон бошотуу мөөнөтүн көрсөтүү менен чет мамлекеттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирип, аны менен келүүнүн башка мөөнөтү жана тартиби белгиленген эл аралык келишим болгон учурда, өз аралык принциптерди жана теңдештик негизди эске алуу менен бул эл аралык келишимдин жоболору колдонулат.";

б) 2-бөлүктүн 4 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

в) 3 жана 4-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;

5) 9-статьянын аталышында жана бүткүл тексти боюнча "тышкы саясый иш чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10-статья. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоо Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 1-3-пункттарында жана 9-статьясында көрсөтүлбөгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар иш жүзүндө жашаган жери боюнча катталат. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу жайгаштыруу боюнча өз кызматтарын көрсөткөн жеке жана юридикалык жактар аларды ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоого милдеттүү.";

7) 11-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

8) 12-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Аларга карата визасыз режим колдонулган пайдаланган чет мамлекеттин жарандарын каттоо күчүн узартуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

9) 13 жана 14-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13-статья. Виза берүү Кыргыз Республикасына кирүү үчүн визалар, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү жана узартылуучу электрондук визаларды кошпогондо, чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде, мындайлар жок болгон учурда - ушул Мыйзамдын 14-статьясына ылайык ыйгарым укук берилген башка өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүндө берилет. Кыргыз Республикасынын аймагында визаларды узартуу тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кирүүгө виза берүү жөнүндө өтүнүчүн кароо мөөнөтү жети жумушчу күндөн ашык эмести түзөт. Визалардын категорияларын жана түрлөрүн, ошондой эле аларды толтуруу жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

---

Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111450/st-14)
