# 279-берене. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу беримдер боюнча КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111446)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 12-августундагы № 167 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111446/st-279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2264/edition/1120112/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111446/st-279.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 279-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111446/st-279

---

1. Эгерде салык салынган субъект нөлдүк ставка менен беримдерди жүзөгө ашырса жана мындай беримдердин наркы катары менен кийинки 6 календардык айдын ичинде ушул мезгил үчүн салык салынуучу беримдердин жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмести түзсө, анда мындай субъект КНСтен ашкан сумманы кайтарып алуу укугуна ээ болот.

Башка салыктарды төлөөнүн, ошондой эле ашкан сумманы бюджеттен салык салынуучу субъекттин банктык эсебине төлөп берүүнүн эсебине КНСтен ашкан сумманы киргизүү КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү болуп саналат.

2. Салык салынуучу субъектке КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

1) анын салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карыздарын төлөөнүн эсебине;

2) КНСтен ашкан сумманы анын банктык эсебине төлөп берүү.

3. Нөлдүк ставкада беримдерди жүзөгө ашырган салык салынуучу субъекттин банктык эсебине КНСтен ашкан сумма товарларды импорттоого КНС боюнча милдеттенмелерди кошуп алганда салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карыздары болбогондо гана кайтарып берилүүгө жатат.

4. Мөөнөттү кийинкиге жылдыруу, салыкты бөлүп-бөлүп төлөө берилгенде кайтарып берүү жүргүзүлбөйт.".

10) 337-берененин 6-бөлүгүндө "жана үч жолудан ашырбай" деген сөздөр алып салынсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111446/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111446/st-2)
