# 8-берене. Областтын жана Бишкек шаарынын, сот приставдар кызматынын бөлүмдөрүнүн улук сот приставынын ыйгарым укугу

- Документ: [Сот приставдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111443)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 5-августундагы № 164 "Сот приставдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2261/edition/737836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111443/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот приставдары жөнүндө, 8-берене (05.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-8

---

1. Областтын жана Бишкек шаарынын улук сот приставы тиешелүү аймактарда сот приставдары кызматынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн башкарат жана жетектейт.

2. Областтын жана Бишкек шаарынын улук сот приставы өз компетенциясынын чектеринде:

1) сот приставдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча тиешелүү аймакта сот приставдар кызматынын бөлүмдөрүнүн ишине тикелей жетекчиликти, контролдоону жүзөгө ашырат жана алардын ишин уюштурат;

2) сот приставдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн соттордун төрагалары, сот приставдары кызматынын бөлүмдөрүнүн улук сот приставдары менен өз ара аракеттенет;

3) сот приставдары кызматынын ишин уюштуруу маселелери боюнча буйруктарды, тескемелерди чыгарат;

4) сот приставдары кызматынын бөлүмүнүн улук сот приставынын, сот приставынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген чечимин же аракетин жокко чыгарууга же өзгөртүүгө укуктуу;

5) мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, уюмдардын ишин ведомстволор аралык координациялоону камсыздайт, бул максаттарда кеңеш берүүчү жана консультациялык органдарды түзүүгө, статистикалык жана башка зарыл маалыматтарды сурап алууга укуктуу;

6) ушул Мыйзамда, аткаруу өндүрүшүн жөнгө салган мыйзамда, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда, сот бийлигинин органдарынын ички иштеринин маселелерин жөнгө салган актыларда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Сот приставдары кызматынын бөлүмүнүн улук сот приставы сот приставдарынын тиешелүү (райондук, шаардык, райондор аралык) кызматтарын жетектейт.

4. Сот приставдары кызматынын бөлүмүнүн улук сот приставы өз компетенциясынын чектеринде:

1) сот приставдары кызматынын бөлүмүнүн ишин уюштурат;

2) сот приставдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча сот приставдарынын баш ийүүсүндөгү иштерди уюштурат жана контролдойт;

3) соттун имараттарын, жайларын күнү-түнү күзөтүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда ушундай күзөттү уюштурат;

4) сот приставдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн соттордун төрагалары менен өз ара аракеттенет;

5) республиканын жана тиешелүү аймактардын сот приставдары кызматынын имараттарын, жайларын күзөтүү боюнча иштерди уюштурат;

6) сот приставдары кызматынын бөлүмдөрүнүн ишин уюштуруу маселелери боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;

7) сот приставдары кызматынын бөлүмүнүн кызмат адамынын (сот приставынын) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген чечимин жокко чыгарууга же өзгөртүүгө укуктуу;

8) сот приставдары кызматынын бөлүмдөрүнүн убактылуу тескөөсүнө келип түшкөн каражаттардын (сот приставдары кызматынын бөлүмдөрүнүн депозиттик эсептерин) эсепке алуу боюнча анын эсебинде болгон акча каражаттарынын тескөөчүсү болуп саналат;

9) зарыл болгон учурда сот приставынын милдеттерин аткарат;

10) соттук аткаруучуларга көмөк көрсөтөт;

11) ушул Мыйзамда, аткаруу өндүрүшүн жөнгө салган мыйзамда, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-9)
