# 7-берене. Башкы сот приставынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Сот приставдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111443)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 5-августундагы № 164 "Сот приставдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2261/edition/737836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111443/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот приставдары жөнүндө, 7-берене (05.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-7

---

1. Башкы сот приставы ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басары болуп саналат жана республиканын сот приставдары кызматын башкарат.

2. Башкы сот приставы:

1) сот приставдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча сот приставдары кызматынын ишине жалпы жетекчиликти жана контролдоону жүзөгө ашырат;

2) сот приставдары кызматтарынын ишин уюштуруу маселелери боюнча буйруктарды, тескемелерди чыгарат;

3) өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана муниципалдык органдар, анын ичинде укук коргоо органдары менен, ошондой эле эл аралык уюмдар жана менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана ишти ведомстволор аралык координациялоону камсыз кылат, ушул максатта кеңеш берүүчү жана консультациялык органдарды түзүүгө, статистикалык жана башка зарыл маалыматтарды суратууга укуктуу;

4) сот приставдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалымат банкын түзүү жана жүргүзүү тартибин аныктайт;

5) ушул Мыйзамда, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда, сот бийлик органдарынын ички ишинин маселелерин жөнгө салуучу актыларда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-8)
