# 6-берене. Сот приставынын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби

- Документ: [Сот приставдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111443)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 5-августундагы № 164 "Сот приставдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2261/edition/737836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111443/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот приставдары жөнүндө, 6-берене (05.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-6

---

1. Башкы сот приставы кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши менен макулдашылган ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан дайындалат жана бошотулат.

Областтардын, Бишкек шаарынын улук сот приставдары кызмат ордуна Башкы сот приставынын сунушу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан дайындалат жана бошотулат.

2. Аймактык бөлүмдөрдөгү (райондордогу, шаарлардагы жана райондор аралык түзүмдөрдөгү) улук сот приставдары, сот приставдарын кызмат ордуна Бишкек шаарынын жана тиешелүү областтардын улук сот приставдарынын сунушу боюнча Башкы сот приставы тарабынан дайындалат жана бошотулат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-7)
