Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Сот приставдары кызматынын ишин уюштуруу
Күчүндө · 05.08.2016 редакциясы · 1-глава
1. Сот приставдары кызматынын бөлүмдөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт. Сот приставдары бийликтин сот бутагынын тутумундагы ыйгарым укуктуу органынын алдында турат.
2. Сот приставдары кызматынын бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык ырааттамасын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан белгиленген ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик кызматчыларынын жалпы штаттык санынын чегинде, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши менен макулдашуу аркылуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси бекитет.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында сот приставдарынын ишин уюштуруу бул соттордун ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аныкталат.
4. Жергиликтүү соттордо сот приставдарынын ишине уюштуруучулук жана усулдук жактан жетекчилик кылууну ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык органдары жүзөгө ашырат.
5. Ыйгарым укуктуу орган:
1) сот приставдарынын ишин уюштурат;
2) өзүнүн карамагында турган сот приставдары кызматынын ишин координациялоону жана контролдоону, ошондой эле ушул кызматтын иш чөйрөсүнө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырат;
3) сот приставдарынын кадрларын окутат, алардын кесиптик жана атайын даярдыгын жогорулатат;
4) сот приставдарынын ишинин практикасын жалпылайт, ошонун негизинде усулдук сунуштамаларды иштеп чыгат;
5) сот приставдарынын ишин статистикалык эсепке алууну жүргүзөт;
6) башка мамлекеттик жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
7) сот приставдары кызматтын материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну ишке ашырат.
6. "Сот приставы" же "пристав" деген сөздөрдү жана алардын негизинде түзүлгөн сөз айкалыштарын сот приставдары кызматынын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана сот приставдары кызматынын кызмат адамдарынын аталыштарында, ошондой эле сот приставдары кызматынын ишин камсыз кылган уюмдардын, сот приставдарынын кесиптик бирликтеринин, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызмат адамдарынын аталыштарында гана колдонууга жол берилет.
Берененин тексти 05.08.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111443/st-5" title="5-берене - Сот приставдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>