# 4-берене. Сот приставынын кызмат ордуна дайындалуучу адамга коюлуучу талаптар

- Документ: [Сот приставдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111443)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 5-августундагы № 164 "Сот приставдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2261/edition/737836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111443/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот приставдары жөнүндө, 4-берене (05.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-4

---

1. Төмөнкү жарандар сот приставы боло алат:

1) башка мамлекеттин жарандыгы жок Кыргыз Республикасынын жараны;

2) жыйырма бир жашка чыккандар;

3) жогорку билими барлар, ал эми улук жана Башкы сот приставы үчүн - жогорку юридикалык билими барлар;

4) өзүнүн иштиктүү жана жеке сапаттары, ошондой эле ден соолугу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү, аскердик-врачтык комиссиядан жана атайын текшерүүдөн өткөндөр.

2. Сот приставынын кызмат ордуна төмөнкү адамдар дайындалбайт:

1) соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан, жазык кылмышы үчүн мурда соттолгондор;

2) эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн, жабырлануучунун жекече же жекече-ачык айыптоодон баш тартуусуна байланыштуу жана (же) жабырлануучу менен элдешүүгө жетишилгенде, мунапыс жөнүндө актынын натыйжасында жазык куугунтугу жүзөгө ашырылып жатканга же жазык куугунтугу токтотулганга карата;

3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскер түзүлүштөрүнүн катарында аскердик кызматтан же запастагы офицерлердин программасы же болбосо үй-бүлөлүк абалынан улам келип чыккан негиздер боюнча альтернативдүү (аскерден тышкары) кызматтын программалары боюнча аскердик даярдыктан өтпөгөндөр (бул талаптар аялдарга жайылтылбайт);

4) мамлекеттик же муниципалдык кызматтан жана укук коргоо органдарындагы кызмат ордунан терс негиздер боюнча чыгарып салынгандар же бошотулгандар.

Талапкерге, анын туугандарына жана жакын байланыштарына тиешелүү маалыматтарды тактоо максатында улуттук коопсуздук, ички иштер, саламаттык сактоо органдарына жана башка мамлекеттик органдарга тиешелүү суроо-талаптарды жөнөтүү жолу менен атайын текшерүү жүргүзүлөт.

3. Кызмат ордуна киришүүдө сот приставы төмөнкүдөй мазмундагы ант берет:

"Мен ..., Сот приставдарынын кызматынын катарына киришип жатып, Кыргызстандын элинин ишенимин актоо үчүн салтанаттуу түрдө ант беремин: Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын милдеттүү түрдө сактоого; жарандардын укуктарын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын ак ниеттүү коргоого; кызматтык милдеттерди аткаруу менен байланышкан кыйынчылыктарды татыктуу көтөрүүгө; тартипти, кызматтык өз ара мамилелердин белгиленген тартибин кыйшаюусуз сактоого; мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого; өзүмдүн кесиптик ар-намысымды урматтоого, сот приставдары кызматынын мыкты каада-салттарын сактоого жана өнүктүрүүгө. Ушул антты бузгандыгым үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартууга даярмын. Кыргыз Республикасына кызмат кыламын, Мыйзамга кызмат кыламын!".

4. Сот приставынын ант берүүсүнүн тартиби Башкы сот приставы тарабынан белгиленет.

Антты сактоо сот приставынын кызматтык тартибинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

5. Сот приставына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр, тыюу салуулар жана милдеттер жайылтылат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-5)
