# 2-берене. Сот приставынын милдеттери

- Документ: [Сот приставдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111443)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 5-августундагы № 164 "Сот приставдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2261/edition/737836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111443/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот приставдары жөнүндө, 2-берене (05.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-2

---

Сот приставына төмөнкүлөр боюнча милдеттер жүктөлөт:

1) сот жыйналышы убагында имаратта, залдарда жана жайларда, ошондой эле көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имараттарда жана жайларда коомдук тартипти камсыз кылуу жана сактоо;

2) процесстик иш-аракеттерди аткарууда сотко көмөктөшүү;

3) аткаруу иш-аракеттерин жасап жаткан учурда соттук аткаруучуларга көмөктөшүү;

4) соттордун имараттарын жана жайларын, сот приставдары кызматынын имараттарын жана жайларын, ошондой эле көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имараттарды жана жайларды кайтарууну камсыз кылуу;

5) "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, судьяларды, сот арачыларын жана процесстин башка катышуучуларын кайтарууну, ошондой эле соттук аткаруучуларды жана аткаруу иш-аракеттерине катышкан адамдарды ушул иш-аракеттерди жасап жаткан мезгилде кайтарууну камсыз кылуу.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-3)
