# 18-берене. Сот приставын материалдык камсыз кылуу жана социалдык коргоонун башка чаралары

- Документ: [Сот приставдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111443)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 5-августундагы № 164 "Сот приставдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2261/edition/737836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111443/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот приставдары жөнүндө, 18-берене (05.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-18

---

1. Сот приставы кызматтык максатта ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте тиешелүү транспорттук уюмдардан сот приставдарынын кызматтары тарабынан алынуучу шаардык, шаар айланасындагы жана жергиликтүү каттамдагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө (буга такси кирбейт) жол кире документтери менен камсыз кылынат.

2. Кызматтык максатта өздүк транспортун колдонгон сот приставына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө акчалай компенсация төлөнүп берилет.

3. Кызматтык иш сапарга жөнөтүлгөн сот приставы кызматтык иш сапардын ырастамасы боюнча транспорттун бардык түрлөрүнө жол жүрүү документтерин кезексиз алууга жана мейманканага жайгашууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-19)
