# 17-берене. Сот приставына камсыздандыруу кепилдиктери жана зыяндын ордун толтурууга укук

- Документ: [Сот приставдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111443)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 5-августундагы № 164 "Сот приставдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2261/edition/737836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111443/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот приставдары жөнүндө, 17-берене (05.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-17

---

1. Сот приставдарынын өмүрү жана ден соолугу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылууга тийиш.

2. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү учурларда:

1) сот приставы кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу кызмат өтөп жаткан мезгилинде курман (каза) болсо же ал жумуштан бошогондон кийин каза болсо, эгерде анын өлүмү сот приставдарынын кызматтык ишине байланыштуу, анын денесине залал келтирилсе же ден соолугуна башка зыян келтирилгендигинен улам болсо, курман (каза) болгондун үй-бүлөсүнө жана анын багуусунда тургандарга мамлекеттик милдеттүү жеке камсыздандыруу каражаттарынан курман (каза) болгондун акыркы ээлеген кызмат орду боюнча, анын жыйырма жылдык эмгек акысы өлчөмүндөгү бир жолу төлөнүүчү жөлөкпул төлөнүп берилет. Курман (каза) болгондун үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө ар айлык компенсация төлөнөт;

2) сот приставы кызматтык ишин жүргүзүүгө байланыштуу курман (каза) болсо, курман (каза) болгондун үй-бүлөсүнө жана анын багуусунда тургандарга багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсия дайындалат;

3) сот приставына анын кызматтык ишине байланыштуу денесине залал келтирилсе же кесиптик иштин иштөө мүмкүнчүлүгүн андан ары болтурбаган ден соолугуна башка зыян келтирилсе, мамлекеттик милдеттүү жеке камсыздандыруу каражаттарынан он жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолу берилүүчү жөлөкпул төлөнүп берилет;

4) кызмат өтөө мезгилинде алынган жаракатынан, денесине залал келтирүүдөн, оорусунан улам сот приставы кызмат ордунан төмөндөтүлгөндө, ыйгарым укуктуу органдын каражаттарынын эсебинен ал төмөндөтүүнүн алдындагы акыркы кызмат орду боюнча эмгек акы (компенсация) төлөнөт.

3. Сот приставынын кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу, ага же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык мүлктү жок кылуу же бузуу менен келтирилген зыяндын орду, алынбай калган пайданы кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ага же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө толук көлөмдө толтурулуп берилүүгө тийиш.

4. Сот приставы жана анын үй-бүлө мүчөлөрү мамлекет тарабынан кепилденген пенсия менен камсыздалууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-18)
