# 16-берене. Сот приставынын жоопкерчилиги

- Документ: [Сот приставдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111443)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 5-августундагы № 164 "Сот приставдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2261/edition/737836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111443/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот приставдары жөнүндө, 16-берене (05.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-16

---

1. Сот приставы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечимдерди өз алдынча кабыл алат жана өзүнүн аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Сот приставынын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) сот приставдары кызматынын бөлүмүнүн улук сот приставына же тиешелүү областтын улук сот приставына, Башкы сот приставына же сотко даттанылышы мүмкүн.

3. Даттануу менен жогору турган кызмат адамына кайрылуу сотко кайрылуу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

4. Сот приставы укук бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

5. Сот приставы тарабынан жарандарга жана уюмдарга келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте толтурулууга тийиш.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-17)
