15-берене. Ок атуучу куралды колдонуу
Күчүндө · 05.08.2016 редакциясы · 3-глава
15-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 15-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Сот приставы төмөнкүлөр үчүн ок атуучу куралды колдоно алат:
1) судьялардын, сот арачыларынын, сот процессинин катышуучуларынын, ошондой эле жарандардын, соттук аткаруучулардын жана сот приставдарынын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келгенде, аларга кол салууга кайра сокку берүү;
2) курал-жаракты же атайын каражаттарды тартып алуу аракетине бөгөт коюу;
3) сотко жана сот жайларына, көчмө сот жыйналышы өткөрүлүп жаткан имараттарга жана жайларга, сот приставдары кызматынын имараттарына жана жайларына топтук же курал менен кол салууга кайта сокку берүү;
4) камактан качып кетүүгө бөгөт коюу, ошондой эле камакта турган адамдарды зомбулук менен бошотууга аракет кылууларга бөгөт коюу;
5) жаныбарлардын кол салуусунан коргоо;
6) коркунуч белгисин берүү, жардамга чакыруу үчүн.
2. Эгерде сот приставы түзүлгөн кырдаалда куралды колдонуу мүмкүн деп эсептесе, куралын чыгарууга жана аны атууга даярдоого укуктуу.
3. Кармалып жаткан адамдар тарабынан кол салуучу жана башка атайылап күтүүсүз аракеттерди, сот приставына ал айткан аралыктан жакын келүүгө, командасыз кийиминен бир нерселерди алып чыгууга, анын куралына тийүүгө аракеттер жасалганда, ошого тете эле сот приставына зомбулук коркунучу катары түшүнүк бериши мүмкүн болгон башка кооптуу аракеттер жана кыймылдар жасалганда, ага ушул Мыйзамга ылайык ок атуучу куралды колдонууга укук берилет.
4. Курал колдонуунун алдында аны колдонууга ниеттенгендиги жөнүндө эскертүү жасалууга тийиш. Жабырланта атуу үчүн ок атуучу куралды колдонгонго чейин, ал милдеттүү түрдө эскертип атуу үчүн колдонулууга тийиш.
5. Күтүүсүздөн же куралдуу кол салганда, күжүрмөн техниканы, транспорттук каражаттарды, учуучу аппараттарды колдонуу менен кол салганда, барымтадагыларды бошотууда, камактан же кармалган адамдар качканда ок атуучу курал эскертүүсүз колдонулушу мүмкүн.
Берененин тексти 05.08.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111443/st-15" title="15-берене - Сот приставдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>