# 12-берене. Күчтү, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу шарттары жана чектери

- Документ: [Сот приставдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111443)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 5-августундагы № 164 "Сот приставдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2261/edition/737836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111443/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот приставдары жөнүндө, 12-берене (05.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-12

---

1. Эгерде зомбулук көрсөтпөөчү башка чаралар өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кыла албаса, сот приставы күчтү, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонууга укуктуу.

2. Сот приставын ок атуучу курал менен камсыз кылуу тартиби, сот приставдарынын куралдануусунда турган ок атуучу куралдардын түрлөрүнүн, анын ок-дарыларынын жана атайын каражаттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.

3. Күчтү, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонууда сот приставы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) аларды колдонууну кечеңдетүү судьянын, сот арачысынын, соттук аткаруучунун, сот приставынын же болбосо башка жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына түздөн-түз коркунуч келтирген, башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон же түзүлгөн кырдаалда мындай эскертүү мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо, аларды колдоно тургандыгы жөнүндө эскертүүгө, мындай учурда күч, атайын каражаттар жана ок атуучу курал колдонулганы жаткан адамга өзү койгон талаптарды аткарышы үчүн жетиштүү убакыт бериши керек;

2) жаракат алган же башка залал келтирилген адамдарга алгачкы жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга.

4. Күч, атайын каражаттар жана ок атуучу куралдар колдонулган бардык учурларда сот приставы аларды колдонгон учурдан тартып 2 сааттын ичинде улук сот приставына жана тиешелүү соттун төрагасына билдирет.

5. Күч, атайын каражаттар жана ок атуучу куралдар колдонулган бардык учурларда улук сот приставы аларды колдонгон учурдан тартып 24 сааттын ичинде прокурорго жазуу жүзүндө билдирет, ал эми эмнени (күч, атайын каражат же ок атуучу курал) колдонгондугуна карабастан, өлүмгө, жаракат алууга алып келген же башка көрүнүп турган башка залал келтирилген учурда, андан тышкары туугандарына билдирет.

6. Күч же курал менен каршылык көрсөткөн, жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч туудурган топтук же куралдуу кол салган учурларды кошпогондо, зомбулуксуз мүнөздөгү мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган адамдарга, ошондой эле кош бойлуу экендиги байкалган аялдарга, майыптуулугунунун белгилери ачык көрүнгөн адамдарга жана сот приставына жаш курагы белгилүү болгон жашы жете электерге карата күчтү, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-13)
