# 11-берене. Сот приставынын талаптарынын милдеттүүлүгү

- Документ: [Сот приставдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111443)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 5-августундагы № 164 "Сот приставдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2261/edition/737836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111443/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот приставдары жөнүндө, 11-берене (05.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-11

---

1. Сот приставынын мыйзамдуу талаптары Кыргыз Республикасынын аймагында бардык жеке жана юридикалык жактардын, ошондой эле кызмат адамдарынын, органдардын жана уюмдардын аткаруусу үчүн милдеттүү.

2. Сот приставынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, кордоо, каршылык көрсөтүү, коркутуп-үркүтүү, анын өмүрүнө, ден соолугуна кол салуу, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү, ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылуучу башка аракеттер, ошондой эле сот приставынын кызматтык милдетин аткаруусуна байланыштуу сот приставынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына кол салуу мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

3. Сот приставы кызматтык милдеттерин аткарышы үчүн зарыл болгон көлөмдөгү маалыматтар, анын ичинде жеке маалыматтар сот приставдарынын талабы боюнча оозеки же маалымкат, документтер жана алардын көчүрмөлөрү түрүндө, же электрондук алып жүрүүчүдө маалыматты коргоо үчүн уюштуруу жана техникалык чараларды колдонуу менен, акысыз жана ал белгилеген мөөнөттө берилет.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган маалыматты бербөө же анык эмес маалымат берүү, ошондой эле сот приставынын кызматтык милдеттерин аткарышына тоскоолдук кылган иш-аракеттер мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-12)
