# 10-берене. Мажбурлоо жана бөгөт коюу чаралары

- Документ: [Сот приставдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111443)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 5-августундагы № 164 "Сот приставдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2261/edition/737836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111443/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот приставдары жөнүндө, 10-берене (05.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-10

---

Сот приставдары колдоно турган мажбурлоо жана бөгөт коюу чараларына төмөнкүлөр кирет:

1) укукка каршы жосундарды токтотуу жөнүндө талап;

2) укукка каршы аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү;

3) инсандыгын тастыктаган документтерди текшерүү;

4) жарандардын буюмдарын карап чыгууга жана өзүн карап чыгууга;

5) кылмыш жасоонун куралы же административдик укук бузуунун тикелей объектиси болгон предметти алып коюу;

6) судьялардын, сот арачыларынын, сот жыйналышынын катышуучуларынын, соттун аппаратынын кызматкерлеринин жана жарандардын ден соолугун, өмүрүн, мүлкүн коргоо максатында тартип бузгандарды сот жыйналышында төрагалык кылуучунун же тиешелүү соттун төрагасынын тескемеси боюнча сот жыйналышынын залынан, соттун имаратынан же жайынан чыгарып салуу;

7) тикелей күч колдонуу;

8) соттун белгиленген тартибин жана ишин бузган массалык тартипсиздиктерди жана топтошкон аракеттерди болтурбоо үчүн атайын каражаттарды (желим таяктарды, көздөн жаш агызуучу газды, кол кишендерди жана ушул сыяктууларды) колдонуу;

9) өзгөчө учурларда уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, жарандардан жана уюмдардан куралдарды, ок-дарыларды, уулуу заттарды кайра берүү үчүн убактылуу алып коюу;

10) административдик укуктарды бузган адамдарды административдик кармоо;

11) мыйзамга каршы келбеген башка мажбурлоо жана бөгөт коюу чаралары.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-11)
