# 1-берене. Сот приставынын укуктук абалы

- Документ: [Сот приставдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111443)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 5-августундагы № 164 "Сот приставдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2261/edition/737836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111443/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот приставдары жөнүндө, 1-берене (05.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-1

---

1. Сот приставы - мамлекеттик кызматта турган жана ага ушул Мыйзам менен жүктөлгөн милдеттерди аткаруучу кызмат адамы.

2. Сот приставы бийликтин өкүлү болуп саналат жана кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда турат.

3. Сот приставы кызматтык милдетин аткарууда форма кийимин киет, анын бирдиктүү үлгүдөгү кызматтык ырастамасы жана жетону, айырмалоочу белгилери жана эмблемасы болот.

Форма кийиминин, кызматтык ырастамасынын, жетондун, айырмалоочу белгилердин жана эмблеманын үлгүлөрү жана сыпатталышы, ошондой эле аларды камсыз кылуу ченемдери жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу, материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан бекитилет.

4. Форма кийимин кийип жүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Башкы сот приставы (мындан ары - Башкы сот приставы) тарабынан бекитилет.

5. Сот приставы өзүнүн кызматтык милдеттерине ылайык кесиптик жана атайын даярдыктан өтөт, андан кийин ок атуучу табелдик жана электр куралдарын сактоого жана алып жүрүүгө, атайын каражаттарды пайдаланууга укуктуу.

6. Башкы сот приставы, улук сот приставы, сот приставы атайын даярдыктан өткөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууда ок атуучу куралдарды жана атайын каражаттарды сактоого жана алып жүрүүгө укуктуу, аларды колдонуу шарттары, тартиби жана чектери ушул Мыйзам жана башка тиешелүү мыйзамдар менен белгиленет.

7. Сот приставына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын атайын класстык чендери ыйгарылат.

8. Сот приставынын ишин каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен камсыз кылынат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111443/st-2)
