# 6-берене

- Документ: [Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111441)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 2-августундагы № 162 "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111441/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2260/edition/1234694/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111441/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 6-берене (24.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111441/st-6

---

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 461-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 26-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча расмий милдеттерди аткаруу учурларын кошпогондо, адамдын чет мамлекеттин аскердик же чалгындоо кызматына кирүүсүнүн; террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана көндүмдөрүн алууга багытталган даярдыктан Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта өтөөсүнүн; чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусунун кесепетинде.". Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 29-мартындагы N 5-р чечими

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111441/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111441/st-7)
