# 8-берене. Кооптуу өндүрүштүк объектти долбоорлоого карата талаптар

- Документ: [Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111439)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 2-августундагы № 160 "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.01.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 января 2023 года № 2 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О промышленной безопасности опасных производственных объектов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112461)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111439#diff=1206915..1206916>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111439/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2258/edition/1206915/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111439/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө, 8-берене (10.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111439/st-8

---

1. Кооптуу өндүрүштүк объектти курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого, рекультивациялоо жана жоюуга долбоордук документтерде (мындан ары - долбоордук документтер) зарыл болгон негиздемелер жана эсептөөлөр менен өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу, авариялардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча талаптар жана иш-чаралар камтылышы керек. Бул талаптар объектти консервациялоо же жоюу процессинде, ошондой эле аларды аяктагандан кийин дагы сакталуусу тийиш.

2. Долбоордук документтерде курулуштун өзгөчө татаал геологиялык жана гидрогеологиялык шарттарын, сейсмикалуулугун, жер көчкү жана башка кубулуштарды эске алуу менен өндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча негиздүү жана жетиштүү чечимдер каралат.

3. Долбоордук документтер жана ага киргизилүүчү өзгөртүүлөр ушул Мыйзамдын 13-беренесинде аныкталган тартипте экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.

(КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111439/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111439/st-9)
