# 12-берене. Авариялардын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөөгө карата талаптар

- Документ: [Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111439)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 2-августундагы № 160 "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.01.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 января 2023 года № 2 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О промышленной безопасности опасных производственных объектов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112461)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111439#diff=1206915..1206916>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111439/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2258/edition/1206915/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111439/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө, 12-берене (10.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111439/st-12

---

1. Кооптуу өндүрүштүк объектте авариянын пайда болушунун ар бир фактысы боюнча анын себептерине техникалык иликтөө жүргүзүлөт.

2. Авариялардын себептерин техникалык иликтөө ыйгарым укуктуу контролдоочу орган жетектеген атайын комиссия же болбосо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан түзүлүүчү мамлекеттик комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

3. Атайын комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү киргизилет:

1) аймагында кооптуу өндүрүштүк объект жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү;

2) тармактык кесиптик бирликтин өкүлдөрү;

3) кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоочу уюмдун же болбосо жогору турган уюмдун (эгерде мындай болсо) өкүлдөрү.

4. Атайын комиссиянын курамына коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү да кириши мүмкүн.

5. Инциденттердин себептерин техникалык иликтөө кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоочу уюмдун комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.

6. Кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоочу уюм авариянын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөө боюнча комиссияга бардык зарыл маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

7. Авариянын себептерин техникалык иликтөөнүн, техникалык иликтөө боюнча комиссияларды түзүүнүн, аварияны жана инциденттерди иликтөө актысын жол-жоболоштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан белгиленет.

8. Авариянын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөөгө чыгашаларды финансылоо ошол авария болгон кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоочу уюм тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111439/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111439/st-13)
