Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-берене. Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга карата талаптар
Күчүндө · 10.01.2023 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 января 2023 года № 2
Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу жаатында ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ченемдик укуктук актыларында белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарын аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык лицензияланууга тийиш болгон өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ишти жүзөгө ашырууга лицензияга жана (же) уруксатка ээ болууга;
3) тийиштүү квалификациялык талаптарга ылайык келген, бул иште иштөөгө медициналык тыюу салуулары жок, өнөр жай коопсуздугу жаатында даярдалган жана аттестацияланган адамдарга кооптуу өндүрүштүк объектте иштөөгө уруксат берүүгө;
4) ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын жана анын кызмат адамдарынын өз ыйгарым укуктарына ылайык берген тескемелерин (көрсөтмөлөрүн, кабарламаларын) аткарууга;
5) кооптуу өндүрүштүк объекттерди мамлекеттик реестрде каттоо үчүн зарыл маалыматтарды берүүгө;
6) тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштеринин өнүктүрүү пландарын макулдашууга, кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу курулмаларды жана техникалык түзүлмөлөрдү, анын ичинде техникалык ресурсу иштетилип бүткөн техникалык түзүлмөлөрдү андан ары коопсуз эксплуатациялоонун мүмкүн болгон мөөнөтүн аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген мөөнөттө диагностикалоого, сыноого, күбөлөндүрүүгө;
7) өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык, зарыл болгон приборлордун жана өндүрүштүк процесстерди контролдоо тутумдарынын болушун жана иштөөсүн камсыз кылууга;
8) кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоодо зыян келтирилгендиги үчүн тобокелдик жоопкерчилигин камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
9) кооптуу өндүрүштүк объектке бөлөк адамдардын киришине жол бербөөгө;
10) өндүрүштүк контролду уюштурууга жана жүзөгө ашырууга;
11) авариянын кесепеттерин чектөө жана жоюу боюнча иш-чараларды пландоого жана жүзөгө ашырууга, авариялардын себептерин иликтөөдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүүгө;
12) кесипкөй авариялык-куткаруучу кызматтар (түзүлмөлөр) менен тейлөөгө келишимдерди түзүүгө, ал эми жарандык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда - өздөрүнүн кесипкөй авариялык-куткаруучу түзүмдөрүн жана кызматкерлердин ичинен штаттан тышкары авариялык-куткаруу түзүмдөрүн түзүүгө;
13) кооптуу заттарды сактоого карата өнөр жай коопсуздугу талаптарын аткарууну камсыз кылууга;
14) авариялардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн финансы каражаттарынын жана материалдык ресурстардын резервине ээ болууга;
15) байкоо, кабарлоо, байланыш тутумдарын жана авария учурунда жеке коргонуу каражаттарын түзүүгө жана талаптагыдай абалда кармоого;
16) объекттеги авариялардын, жарылгыч материалдардын жана күчтүү таасир берүүчү уулуу заттардын жоголушунун жана өндүрүштөгү кырсыктардын себептерин техникалык иликтөөгө катышууга;
17) ыйгарым укуктуу органдарга өндүрүштөгү авариялар, инциденттер жана кырсыктар, алардын себептери жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берүүгө;
18) кооптуу өндүрүштүк объекттин финансылык-экономикалык ишинин планын иштеп чыгууда өнөр жай коопсуздугун камсыз кылууга сарптоолорду кароого;
19) кооптуу өндүрүштүк объекттин кызматкерлеринин штатын иштерди коопсуз аткаруу үчүн зарыл санда комплектелгендигин камсыз кылууга;
20) кооптуу өндүрүштүк объекттерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан белгиленген техникалык түзүлмөлөрдү колдонуу тартибин жана шарттарын сактоого.
(КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 января 2023 года № 2 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О промышленной безопасности опасных производственных объектов"Редакцияларды салыштыруу
10.01.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…коопсуздугу жаатында ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга карата талаптар
алынып салынды: 1. Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу жаатында ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Министрлер Кабинети ченемдик укуктук актыларында белгиленген өнөр жай коопсуздугунун … мамлекеттик реестрде каттоо үчүн зарыл маалыматтарды берүүгө;
6) алынып салынды: имараттардын жана курулмалардын өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүүгө, тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштеринин өнүктүрүү … мүмкүн болгон мөөнөтүн аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети белгилеген мөөнөттө диагностикалоого, сыноого, күбөлөндүрүүгө;
7) … кылууга;
20) кооптуу өндүрүштүк объекттерде Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинетинин тарабынан белгиленген техникалык түзүлмөлөрдү колдонуу тартибин жана шарттарын сактоого.
кошулду: (КР 2023-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111439/st-10" title="10-берене - Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>