# КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2254/edition/1103142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111435.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111435

---

КР 2021-жылдын 15-ноябрндагы № 137 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 30-июлу № 155 "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111435/st-1)

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 535-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-беренеде:

а) 3-бөлүгүндө:

экинчи абзацында "фракцияларына" деген сөз "парламенттик көпчүлүккө же болбосо парламенттик оппозицияга" деген сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү абзацында: "Жогорку Кеңештин фракциялары" деген сөздөр "Жогорку Кеңеш" деген сөздөргө алмаштырылсын; расмий тилдеги "публикуют" деген сөз "публикует" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 7-бөлүгүнүн экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Киргизилген талапкерлер тиешелүү парламенттик көпчүлүк же болбосо парламенттик оппозиция тарабынан каралат жана парламенттик көпчүлүктүн же болбосо парламенттик оппозициянын катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушун алган талапкер Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизилет.";

2) 6-беренеде:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"Кылмыш жасоодо шектелген же айыпталган же болбосо реабилитацияланбоочу негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоо кыскартылган адам Кеңештин мүчөсү боло албайт.";

б) 2-бөлүгүндө:

биринчи абзацында "курагына жеткен," деген сөздөрдөн кийин "жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес стажы бар жана" деген сөздөр менен толукталсын; экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Кеңештин мүчөлөрү сотто тараптардын өкүлдөрү жана адвокат катары катышууга укуксуз.";

в) 4-бөлүгүнүн 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 7-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:

"22) сотто тараптардын өкүлдөрү жана адвокат катары катышуу фактысы белгиленгенде.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111435/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
