1-берене
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 15-беренеде: 2-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо материалдарын карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуу боюнча сот тажрыйбасынын маселелери боюнча жетекчиликке алуучу түшүндүрмөлөрдү берет;"; 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: "Жогорку соттун пленумунун токтому Кыргыз Республикасынын соттору үчүн милдеттүү болуп саналат. Сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо материалдарын кароонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуу боюнча сот тажрыйбасынын маселелери боюнча алуучу түшүндүрмөлөрдү берүүнүн тартиби Жогорку соттун регламентинде аныкталат.".
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 134
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111434/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>