# КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111434>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2253/edition/1111406/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111434.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111434

---

КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 134 Конституциялык Мыйзамына ылыйык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 30-июлу № 154 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111434/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 15-беренеде: 2-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо материалдарын карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуу боюнча сот тажрыйбасынын маселелери боюнча жетекчиликке алуучу түшүндүрмөлөрдү берет;"; 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: "Жогорку соттун пленумунун токтому Кыргыз Республикасынын соттору үчүн милдеттүү болуп саналат. Сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо материалдарын кароонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуу боюнча сот тажрыйбасынын маселелери боюнча алуучу түшүндүрмөлөрдү берүүнүн тартиби Жогорку соттун регламентинде аныкталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111434/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
