1-берене
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын 3-пунктунда:
экинчи абзац "жарандар мамлекеттик" деген сөздөрдөн мурда "ушул Мыйзамды бузууга байланыштуу берилүүчү даттанууларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын; расмий тилдеги төртүнчү абзацында "законодательством" деген сөз "законами" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Маалыматтарга жетүүгө чектөөлөр
1. Маалыматтарга жетүүгө чектөөлөр төмөнкүдөй максаттарда белгиленет:
1) улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо;
2) калктын ден соолугун же адеп-ахлагын сактоо;
3) башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо.
2. Жетүүгө чектөөлөр төмөнкүдөй маалыматтарга карата белгиленет:
1) мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзам менен аныкталган мамлекеттик сырлар жөнүндө;
2) жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзам менен аныкталган жеке мүнөздөгү;
3) изин суутпай издөө иштери тууралуу, мыйзам менен белгиленген учурларда кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүш жөнүндө;
4) мыйзам менен корголуучу (коммерциялык, банктык, нотариалдык, врачтык, адвокаттык жана башка) сырларды камтыган.";
3) 6-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасы "материалдарды" деген сөздөн кийин ", анын ичинде расмий же адистештирилген сайтта" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 16-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3-2-пунктча менен толукталсын:
"3-2) процесстик мыйзамдарда жана ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоо менен иштин маңызы боюнча белгиленген формада чыгарылган соттук актылардын тексттерин;";
5) 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 181 жана 182-статьялар менен толукталсын:
"181-статья. Соттук актыларды элге жарыялоо
1. Ар бир адам иштин маңызы боюнча белгиленген формада чыгарылган жана сот тарабынан эл алдында жарыя кылынган соттук актыларды кандай ыкма менен болсо да, анын ичинде аларды басма сөз басылмаларында, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо, жыйнактарды же маалыматтардын электрондук базаларын түзүү жолу менен толук же жарым-жартылай жарыя кылууга укуктуу.
2. Эгерде бул басылманын максатын актаса, соттук актылар кыскартылган түрдө жарыяланышы мүмкүн.
3. Соттук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизилген соттук актыларды басма сөз басылмаларында жарыялоо кошумча күбөлөндүрүүсүз жүргүзүлөт.
4. Соттук актынын кандай гана болбосун цитата келтирилген тексти анын мазмунун бурмалоого тийиш эмес.
5. Соттук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген соттук актыларды жарыялоо ушул Мыйзамдын башка талаптарына да жооп берүүгө тийиш.
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндөЗакон · 28.12.2006 · № 213 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111431/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>