# 5-берене

- Документ: [Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111430)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 "Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111430/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2249/edition/1197158/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111430/st-5

---

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 10-статьянын 4-бөлүгү "тийиштүү органдардын" деген сөздөрдөн мурда "сотторду жана судьяларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

2) 12-статьянын 1-бөлүгү "мамлекеттик органдарды" деген сөздөрдөн мурда "сотторду жана судьяларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

3) 14-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"Соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттанылган депутатка кайрылуу, ушул соттук актыга же судьянын жүрүм-турумуна даттануу тартибин түшүндүрүү менен, кайрылууну жиберген жаранга кайтарылып берилет.";

4) 18-статьянын биринчи сүйлөмү "бардык мамлекеттик органдарга" деген сөздөрдөн мурда "сотторду жана судьяларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

5) 20-статьянын 1-бөлүгү "тийиштүү органдарга" деген сөздөрдөн мурда "сотторду жана судьяларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111430/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111430/st-6)
