# КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2248/edition/1103176/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111429

---

КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 27-июлу № 149 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111429/st-1)

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 51-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз мүлкүн, кирешелерин жана чыгымдарын декларациялоого;";

2) 21-берененин 2-бөлүгүндө:

а) 2-пунктта "талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери" деген сөздөр "декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) экинчи абзацында "талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери" деген сөздөр "декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111429/st-2)

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
